Диний-экстремисттик уюмдардын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө каршы күрөш күчөтүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду", - деп билдирет басма сөз кызматынан.