Баткендеги курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирген факты аныкталды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталганын Башкы прокуратурадан кабарлашат.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 миллион 480 миң 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которушканы такталды.
Анда Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн облустук медиа борбордун административдик имараты үчүн 11 миллион 414 миң 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 миллион 65 миң 212 сом негизсиз которулган", - деп айтылат билдирүүдө.
Топтолгон материалдар 320-берене ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан