Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция, сасык тумоо жана пневмония менен ооруган балдардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу борбор калаадагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алыш күндөрү да иштөөгө өттү. Бул туурасында бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашат.
"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын токтомуна ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору ишемби күндөрү саат 08:00дөн 16:00гө чейин, жекшемби күндөрү саат 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт.
Күнүнө орто эсеп менен алганда, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна 200дөн 500гө чейин бейтап кайрылууда.
Акыркы күндөрү стационарларга кайрылгандардын саны өсүп жатат. Узап кеткен дем алыш күндөрү шаардык балдар ооруканасына 1 миң 370 бала кайрылып, 102си ооруканага жаткырылды. Анын ичинен курч респиратордук вирустук инфекция менен 39, пневмония менен 39 бала жабыркаганы аныкталды", - дешет мекемеден.
Бишкек шаардык мэриясы жарандарга кайрылып, дарыгерлерге убагында кайрылууга, өз алдынча дарыланбоого чакырат.