Социалдык тармактарда "Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерип жаткандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар же жогу боюнча териштирүү иштери башталды. Бүгүн, 15-ноябрда КамАЗдын айдоочусу жана куруучуну Баткен облусунун Жаңы-Бак айылында кызмат өтөгөн “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен бетме-бет кезиктирүү болот.
Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүү материалдары Аскер прокуратурасына жоопкерчилигин кароо үчүн берилет", - деп жазылат маалыматта.