Жалал-Абад облусунда кыйноо фактысына шектелип 5 милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы коалициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү Ош шаардык соту Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын азыркы иштеп жаткан төрт жана мурдагы бир кызматкерин Оштогу №25 тергөө абагына камакка алган.
"Кызматкерлер 28 жаштагы Токтогул районунун Торкен айылынын тургунун баңгизатын мыйзамсыз сатууга шектүү катары кармаган. Андан соң аны кыйноого алышкан. Ал эми жабырлануучу жаран күнөөсү жок экенин ага башка бирөөлөр таштап койгонун айтып келет. Тергөөдө кызматкерлер кармалган жаранды башына баштык кийгизип, арматура менен чаап, ал эсине келбей калганча сабашканы айтылган", - деп жазылат маалыматта.