Баткенде транспорттук көзөмөл пункттун кызматкерлери айдоочулардан акча талап кылган деп шектелүүдө

Баткенде транспорттук көзөмөл пункттун жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузуу менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.

"13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан акча каражатын алган деген шек менен Транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы З.С. жана “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.Э. кармалып, Кызыл-Кыя РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Goodyer
2021-11-16 03:37:48
Сосновка менен Моловодныйды неге текшербейт корупсиянын очогу же ал жака кучтору жетпейби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан