
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттык" үналгысына электр энергиясы, көмүр маселеси туурасында маек курду. Анда министр элдин маселелери, көйгөйлөрү туурасында социалдык тармак аркылуу да кабардар болорун айтат.
"Өзүм министр болсом да 24 саат бою байланыштамын. Социалдык тармактардан көп кайрылышат. Көптөгөн чечилбей калган маселелер болуп жатты. Президент да бизге "жесткий" тапшырмаларды берип жатат. Ошонун баарын аткарып келе жатабыз. Бул процессте жылыштар бар", - дейт ал.
Ушул эле маектин жүрүшүндө министр өлкөдө көмүр жетиштүү экенин, болгону аны жеткирүүдө маселе жаралып жатканын, көмүрдүн баасын 3 миң сомго түшүрүүгө аракет көрүлүп жатканын белгиледи.