
Баткендеги Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектептин 8-классынын окуучуларынын ортосунда массалык мушташ орун алган. Аталган окуя ушул жылдын жаз мезгилинде болгон. Бүгүнкү күндө тараптар элдешкенин, бул ишти тергеген айрым милиция кызматкерлери кызматтык жазага тартылганын Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тергөөнүн жүрүшүндө аталган мектептин мушташка катыштыгы бар окуучулары, мугалимдер суракка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча эки тарап элдешүүгө жетишкен.
Бул кадамга жол берген милиция кызматкерлерине ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 14 кызматкер кызматтык жазага тартылып, анын ичинен үчөө ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен жаза алышкан", - дешти маалымат кызматынан.
Мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу, ушул айылдын көйгөйү болуп келген уруу-урууга бөлүнүүнү болтурбоо максатында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү үзгүлтүксүз жыйналыштарды, ынтымакты бекемдөө максатында ар кандай викториналарды өткөрүп келерин кошумчалашты башкармалыктан.
Окуянын чоо-жайы:
Мектеп окуучуларынын массалык мушташы ушул жылдын 15-апрелинде болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Окуядан
4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган.
Окуучулардын мушташы 266-берене ("ээн баштык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.