Буга чейин Дастан Бекешев УКМКга күбө катары суракка чакыртылган. 3 сааттан кийин талапкер сурак берип чыкканын, анда шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу суроолор болгонун билдирген. Ошондой эле жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан, тартпаганы боюнча дагы собол болгонун айткан.
SUPER.KG порталына өздүк булактар Дастан Бекешев жашы 18ге чыга элек балдарды үгүт иштерине жалдаганын билдиришти. Ошондой эле балдардын үгүт иштери менен алектенип жүргөн видеосу менен бөлүштү. Андан бир нече балдар Бекешевдин штабында иштей турганын, жашы 17де экенин айтып жатканын көрүүгө болот. Видеонун соңунда талапкер балдарды үгүт иштерине жумшаганын моюнга алганын ырастаган үндү угууга болот.