"Күчүбүз жетет". Рамзан Кадыров Чеченстан Ингушетиядан жерлерин күч менен тартып алышы мүмкүн экендигин айтты

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров өз өлкөсүнүн жарандары менен Ингушетиянын ортосундагы кезектеги жаңжал чыгып жатканын айтты. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.

"Эгер тынчтанбасаңыз, мен Дудаев (ред. Чеченстандын мурдагы президенти) мыйзамсыз өткөрүп берген жерлердин баарын кайтарып алам. Мунун баарын жасасам жакшы болбойт. Жерлерди кайтарып алууга биздин күчүбүз жетет, ага карабай бир кадам таштаган жокпуз, бир ооз сөз айткан жокпуз", - деген Кадыров.

Мындан тышкары, Рамзан Кадыров ингуштар тарыхый жактан чечендерден тараганын айткан.

Рамзан Кадыров провокация Чеченстан менен чектешкен Ингушетиянын Сунженск районунун Даттых айыл аймагындагы оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан чыгып жаткандыгын айткан. Анда жергиликтүү тургундардын бири аткарылып жаткан иштердин видеосун жарыялаган. Ингушетиялык колдонуучу муну "коңшулардын кезектеги провокациясы" деп атады.

Буга чейин Ингушетиянын Сунженск облусунун башчысы Магомед Жейтов Чеченстан тараптан дарыянын нугун өзгөртүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Өз кезегинде Чеченстандын Серноводск облусунун башчысы Исмаил Исраилов дарыянын нугун кайтарып берүүнү талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
TIMON_BERKOWITZ
2021-11-16 10:12:14
Путиндин алсыздыгы!
0
Datka7777
2021-11-16 10:29:50
Ингуштар чеченден да жаман, тажал калк болушат
+3
ayzhan12
2021-11-16 11:20:42
Россияда Путин кожоюнбу же ушул зөкүр чечен Кадыровбу. Мамлекеттин ичинде мамлекет болуп алышкан. Чечендер ашынган динчил, агрессивный, билимсиз болушат. Ушунун айынан билимдуу жаштар өсүп чыккан жок.

Кадыров жаштарга светтик билим бергендин ордуна, жаштардын башын диңге тыга берип, ал жакта талибан сымал жаштар толуп кеткен.
-6
muku.85
2021-11-16 11:36:39
ayzhan12,мен сизге тушунбодум кайсы тема болсо созсуз динди молдолорду ортого кошо берет экенсиз тушунугу жок билими жок алар эмес сенсин.Билими бар адам динге эч качан асылбайт
+1
Fernando_Torres
2021-11-16 13:00:16
ayzhan12,кафур эч качан кожоюн болгон эмес мусульман кожоюн болот көзүн көрбөй көрбөй атасынбы ошондой братишка кааласак Американы деле жок кылабыз
-2
Nina.alex
2021-11-16 13:35:37
Мээси жок карангы динбаштар коп бул форумда
-4
alimbek94
2021-11-16 15:22:50
Nina.alex,
Сабатсыз динбаштардан алыс болуу керек.
+4
Asmat84
2021-11-16 15:03:20
Билип билбей бирөөнүн ишине аралашкым келбейт. Бирок биздин кээ бир саткын депутат жетекчилерибиз өз жерибизди сатып кетишпедиби. Ошол сатылган жерлерибизди ушинтип кайтарып алабыз деген девизди уккум келет. Же болбосо саткан адамдарды атып салыш керек деген жетекчилерди күтүп келем
0
himik
2021-11-16 15:07:54
Бул жерде диндин эч кандай тиешеси жок, заман агымы ушундай болуп жатат. Дуйнодо жер, суу талашы жылдан жылга күчөп, согуштар болушу мүмкүн. Демек биздин өлкө дагы ушуга даярданып, заманбап куралдуу күчтөрүбүздү түзүүбүз зарыл.
0
alimbek94
2021-11-16 15:21:19
Чечендер Кытайда болгондо эчак лагерде жатышмак, кытайдын гимнин кунуго беш маал жаттап, Конфуцийдин чыгармаларын, философиясын беш маал окуп. Калп эле тайрандап жатышат Путиндин алдында.
+2
Datka7777
2021-11-16 16:40:13
alimbek94, койчу ай
-1
Antiradikal9
2021-11-16 18:49:28
Рамзан озу да, атасы да саткын. Дудаевдин чыпалагына тен келбейт. Путиндин клоуну.
+2
bayern-munchen
2021-11-16 18:59:37
Antiradikal9,Дудаевдин жанында журбодун беле
-2
KaGaH
2021-11-16 21:14:32
Джохар Дудаев бул чыгаан генерал,чечен элинин эркиндиги үчүн орустардын окуппациясына каршы күрөшкөн, Кадыров Дудаевдин чыпалагына да тең келбейт,Кадыров атасы экөө тең чыккынчылар орустарга өтүп кеткен
+1
KG-312
2021-11-17 00:01:17
Россия мусулмандарды вечно ит-мышык кылып өтүшөт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан