Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим Жуманазаровага операция жасалды

Белгилүү балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси Сезим Жуманазарованын ийинине Орусиядан операция жасалды. Бул тууралуу Сезим Жуманазарова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен ийинимден жаракат алгам жана ага операция жасаш керек болчу. Кудайга шүгүр, мен операция жасаттым. Дарыгерлер операция ийгиликтүү болгонун, тынчсызданууга негиз жок экендигин айтышты. Азыркы учурда эс алып, күчүмдү топтоп жатам. Колдооңуздарга жана жылуу сөздөрүңүздөргө рахмат", - деп жазды Сезим Жуманазарова.

Август айында Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Сезим Жуманазарова 57 килограмм салмакта коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-11-17 08:05:09
Сезим Жуманазарова Мээримден болок спортсменка. Эжесинин атын кошпой уйронушубуз кк. А то омур бою анын колокосундо калып кетет. Сезим тоже достойна чтобы о ней говорили без упоминания имя сестры
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан