Польшанын Улуттук банкы чек араны мигранттардан коргоо иш-чараларын эскерүүгө арналган коллекциялык монета жана банкнот чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, банктын төрагасы Адам Глапиньскийдин айтымында, "Польшанын чыгыш чек арасын коргоо" банкнот жана монетасы тездетилген жана пландан тышкары режимде чыгарылат. Банкноттордун номиналы азырынча айтыла элек.
Буга чейин, 8-ноябрда Беларусь тараптан Польшага бир нече миң адам келген. Мигранттар чек ара аймагынан чыкпай, айрымдары тикенектүү зым тосмолорду бузуп Польшага кирүүгө аракет кылышкан.