Польша Беларусь менен чектешкен аймагына дубал курат

Польша бийлиги Беларусь менен чектешкен аймагына 2022-жылдын биринчи жарымында дубал тургузууну көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер жана администрация министринин орун басары Мачей Вонсик билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мачей Вонсик бул маселе боюнча келишимдер түзүлө электигин баса белгилеген.

"Келишимдерге кол коюлмайынча конкреттүү мөөнөттөрдү айтуу жоопкерчиликсиздик болот", - деген ал.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын башынан бери Беларустун Латвия, Литва жана Польша менен болгон чек арасына элдер агылып келе баштаган. Кырдаал 8-ноябрда Беларусь тараптан Польшанын чек арасына бир нече миң адам жакындагандан кийин кескин курчуган. Алар чек ара аймагынан чыга элек, айрымдары Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-11-16 14:52:58
Ээй поляктар
Биздин Жоомарт Бөкөнбаев деген агабыздын
"ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК" Деген китебин алып окугула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан