Норвегияда AY.63 аталышындагы коронавирустун дельта штаммынын жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу Норвегиянын саламаттыкты сактоо институтуна шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Бизде вакцина илдеттин бул түрүнө каршы натыйжасыз экенине эч кандай далил жок. Ал үчүн ашыкча тынчсызданууга эч кандай негиз жок", - деген институттун өкүлү Кэролайн Брагстад. Коронавирустун бул түрү 2021-жылы жайында табылган, бирок анын эл аралык аталышы азыр гана пайда болду.
Сентябрь айында Норвегияда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдүн көбү алынганы белгилүү болгон. Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг чектөөлөрдү алып салууну чечкен, анткени 18 жаштан өткөн жарандардын 90 пайызы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышкан.