Калкты тейлөө борборунан жасалма паспорт алган аялдын паспорту жокко чыгарылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.
"Калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү күнөөсүн моюнуна алып, ката кетирилгенин айтышты. Алар эки кызматкерди шектүү катары көрсөтүштү. Бул жосунсуз жорукка калкты тейлөө борборунун жетекчиси да жооптуу. Жакында алар жасалма паспортту жокко чыгарууну убада кылышты”, - деди жактоочу.
Эскерте кетсек, буга чейин Калкты тейлөө борборунан У.К. аттуу жарандын өздүгүн аныктаган маалымат менен башка жаранга паспорт жазылганы маалым болгон. Аталган факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.