6 балалуу аялдын камакка алынышы. Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалды

Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, жетекчи 6 балалуу Асыл Талипованын иши боюнча кармалган. Кызматкерлер кечээ, 15-ноябрда Аскер прокуратурасына суракка чакыртылган. Бул иш менен тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары да күбө катары суралууда.

Бул фактыны SUPER.KG порталына Башкы прокуратура тастыктап, кармалганын айтышты.

1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан