Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндөгү брокердик компаниянын имаратында эркек киши өзүнүн моюнуна бычак такады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Ringo Trade" брокердик компаниянын имаратында 1 эркек адам (аты-жөнү такталууда) бычакты моюнуна такап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин ИИМнин кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Аны сактап калуу үчүн жерине 5 куткаруучу тартылган.