Бишкектин Сүйүнбаев Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен жансыз денеси табылган аял кишинин аты-жөнүн тактоого милиция коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 2020-жылдын 25-сентябрь күнү табылган. Болжолдуу аялдын жашы 30-35 жаштар курагында.
Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынган.
Өзгөчө белгилери: Арык дене түзүлүштө, чачы кара.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, спорттук шым, бутуна Reebok деген жазуусу бар бут кийим кийип жүргөн.
Кимде ким сүрөттөгү аял кишинин аты-жөнүн же ал тууралуу маалымат билген болсо милиция кызматкерлери кабарлап коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15.