Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында Жаңгак фестивалы өтүп жатат. Фестиваль Базар-Коргон райондук администрациясынын алдында өтүүдө.
Иш-чаранын алканында жарманке уюштурулган. Жергиликтүү өнөрпоздор фестивалдын конокторуна концерттик программа тартуулап жатышат. Жаңгак фестивалына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Фестиваль Арстанбап жаңгак токоюн коргоо жана жакшыртуу максатын көздөйт.
Иш-чара СAMP "Ала-Тоо" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган.