Ош мамлекеттик университетинде "Стилдүү студент" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
"Стилдүү студент мырза" Чет тилдер факультетинин студенти Нурбек Ибраимов аталды
"Стилдүү студент айым" Искусство факультетинин студенти Айчүрөк Курсантбек кызы аталды
12-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин жаштар комитети тарабынан "Стилдүү студент" кароо-сынагы болуп өттү. Аталган кароо-сынакка окуу жайдан жалпы 12 айым, 12 мырза өз өнөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Жыйынтыгында, "Стилдүү студент айым" деп аталган окуу жайдын Искусство факультетинин студенти Айчүрөк Курсантбек кызы, "Стилдүү студент мырза" деп Чет тилдер факультетинин студенти Нурбек Ибраимов табылды. Жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жолдомо берилди.