Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишкердин укугу кантип корголо турганын айтты.
"Ишкерлердин, инвесторлордун укугун кантип коргойбуз. Өлкө башчынын тапшырмасы менен башкармалык түзүлдү. Ишкерлер менен чогуу сүйлөшүп консултациялык кеңешме түзөбүз. Бизнес өкүлдөрү катышат. Жүздөгөн ишкерлердин укугун коргоп жатабыз. Прокуратуранын сайты аркылуу кайрылсаңыздар болот. Күнү-түнү ишеним телефон номерлерине чалсаңыздар болот. Бир сутканын ичинде текшерүүлөр жүрөт", - дейт ал.