Ишкер Илон Масктын Tесла компаниясынын акциялары 15-ноябрда арзандап, электр унаа өндүрүүчүнүн рыноктук баасы 1 триллион доллардан төмөн түшүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акциялардын баасынын төмөндөшү Маск менен америкалык саясатчы Берни Сандерстин твиттердеги тирешинен кийин болгон.
Сандерс байлар салыктын адилеттүү үлүшүн төлөшү керек деген. Маск саясатчыны шылдыңдоо менен жооп кайтарган, эксперттердин айтымында, бул акциянын кулашына себеп болгон.