Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;
Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.