Казандагы 9 адамдын өлүмү: Ильназ Галявиев акыл-эси жайында деп табылды

Татарстандын Казань шаарындагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн Ильназ Галявиев экспертизанын жыйынтыгында акыл-эси жайында деп табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Галявиев кыйкырганына карабай даярдануу жана мектепке кол салуу учурунда акыл-эси жайында экени аныкталган. Ал алгач Москвада текшерүүдөн өтүп, кийин Санкт-Петербургга которулган.

11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголгон. Август айында Галявиев психиатриялык текшерүүдөн кийин абактагы психиатриялык ооруканага которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан