Өлкөдө октябрь айында 3 415 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Соцфонддун маалыматына ылайык, январь-октябрь айларында 55 миң 71 жаранга пенсияга чыккан.
"Эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 931 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди", - дешти фонддон.
Белгилей өтсөк, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт.