Польшанын коопсуздук күчтөрү Беларусь менен чек арада мигранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда мигранттар эч ким жок жердеги тосмону бузуп, Польша аскерлерине таш ыргыта башташты, ага жооп катары Польшанын коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонушууда.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын башынан бери Беларустун Латвия, Литва жана Польша менен болгон чек арасына эл агылып келе баштаган. Кырдаал 8-ноябрда Беларусь тараптан Польшанын чек арасына бир нече миң адам жакындагандан кийин кескин курчуган. Алар чек ара аймагынан чыга элек, айрымдары Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылып жатышат.