9 айда милициянын көчмө кабылдамасы 5 миңден ашык арызды карап чыкты

2021-жылдын 9 ай аралыгында милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын 5 миңден ашуун арыздарын карап чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 50 милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барат.

"2021-жылдын 9 ай аралыгындагы ишмердүүлүктү талдоонун негизинде, республиканын аймактарына милициянын көчмө кабылдамалары – 5 222 жолу чыгышкан. 5 289 арыз-доолор каралып чыккан, алардын 573 коопсуздук менен байланышкан арыздар, калган 4 816 жана башка доолор.

302 кылмыштар жана жоруктар каттоого алынган. Бузуулар боюнча 1 миң 159 протокол түзгөн. Милициянын көчмө кабылдамалары арыздарды кабыл алуу менен гана эмес, жарандарга юридикалык-укуктук кеңешме берүү кызматын аткарат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан