Ноокатта жолдо турган унааны айдай качканга шектелип 20 жаштагы үч жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда жолдо турган унааны айдай качканга шектелип 20 жаштагы үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 12-ноябрь күнү кечки саат 21:00 чамасында Ноокат районунун Нойгут айылында тургунга таандык болгон Тойота-Эстима унаасын жолдо токтоп турган жеринен белгисиз жарандар айдап кетишкени тууралуу райондук милицияга маалымат түшкөн.

"Бул окуя боюнча Ноокат районунун аймагында "Колго түшүрүү" ишмерчеми киргизилип, Ноокат районунун кире бериш жана чыга бериш унаа жолдоруна посттор коюлуп, бардык кызматкерлерге жогорудагы унаа боюнча багыттамалар берилген.

Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Тойота-Эстима унаасын айдап бара жаткан Ноокат районунун 20 жаштагы 3 тургуну кармалган. Алар райондук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан