Беларусь-Польша чек арасындагы кырдаал: Асманга тик учак көтөрүлдү

Беларусь өлкөсү менен болгон чек арада Польшанын коопсуздук күчтөрү тик учак менен асманга көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Евро Биримдикке кирүүгө аракет кылган мигранттарга үн чыгаруучу гранаталар ыргытылууда. Беларусь менен Польшанын чек арасына жакын жерде топтолуп калган качкындар тосмолорду бузуп баштаган. Мигранттар чек арачыларга таш, бөтөлкө да ыргытышкан.

Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Польша чек арада аскерлердин сокку уруучу тобун, тик учактар ​​жана унаалары бар 20 миңге чукул аскерди даярдап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-11-17 05:09:57
Бекер акча алып жашаган кимге жакпайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан