Жалал-Абадда 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарындагы №27 "Шүдүрүм" балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңыртылган имараттын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.

Үч кабаттан турган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 150 миң сомдой акча каражаты сарпталган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарда 6 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан