Социалдык тармакта тарап жаткан Кемин районунда жоголгон жылкылар Казакстандан табылды деген видео материал чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеодо Казакстандын жергиликтүү тургуну 16-ноябрда жылкылардын тобун кармап алганы айтылган. Муну менен бирге табылган жылкылар Кемин районунда жоголгон жылкылар болушу мүмкүн экендиги жазылган.
Жогорудагы факты боюнча Кемин РИИБинин кызматкерлери тийиштүү териштирүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында табылган жылкылар Кеминде жоголгон жылкыларга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.