"Эне менен кыздын, келин менен кайнаганын өлүмү". Каргашалуу өлүм менен коштолгон жыл ичиндеги резонанстуу кылмыштар

SUPER.KG порталы өлкөдөгү бардык кылмыш-кырсыктарды кабарлап, тергөө, сот иштерине назар салып турат. Бул жолу 2021-жыл ичинде порталга жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна алынган резонанстуу кылмыштуу окуяларды тизмектеп беребиз.

"Аялды атка сүйрөтүп өлтүргөн"

2021-жылдын 23-январында Кочкордун Тынай-Булак участкасындагы сарайдан келиндин жансыз денеси табылган. Маркумдун бетинде, башынын маңдайкы бөлүгүндө, көкүрөгүндө, буттарында күч колдонулган көк ала тактар бар экени белгилүү болгон. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган К.К. аттуу тургуну экендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош облусунун Ноокат районунан кылмышка шектүү кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган М.И. аттуу тургуну болгон. Шектүү жасаган кылмышын толугу менен моюнга алып, аялды чынжыр менен атка сүйрөтүп өлтүргөнүн айтып берген. Кармалган жаран Кочкор райондук сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мурас-Ордодо 13 жашар баланын бычакталышы

Ушул жылдын 17-мартында Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн жаш баланын жансыз денеси табылган. Анда өспүрүм бычактан жаракат алып, киши колдуу каза болгону аныкталган. Каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 17 жаштагы агасы карап калганы маалымдалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айтып берген. Шектүү Биринчи Май райондук соттун чечими менен үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө кесилген.

Ала качууну курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү

5-апрелде бир нече адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи тарабынан Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылган. Ала качууга шектелген 5 адам кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалып, кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдаган. 14-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүүлөрдүн экөө алты жылга, үчөө жети жылга эркинен ажыратылган.

Өспүрүм тарабынан эне-кыздын бычакталышы

12-майда саат 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.

13-майда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургунун колго түшүрүшкөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү мурун бейбаштык жана уруулук кылып, каттоого алынганы маалым болгон. Ошондой эле өздүк булактар шектүү маркум кыз менен уруша кетип, ага болушкан апасы менен кошо кызды бычактап салганын айтып беришкен. Бул кылмыш иши боюнча шектүүгө карата соттун өкүмү чыга элек.

"3 жашар наристенин токмоктон улам каза болуп калышы"

15-май күнү Жети-Өгүз РИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда болжол менен саат 12:32 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары бар 3 жашар баланы алып келгени кабарланган. Наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай каза болуп калган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Анда баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткени такталган. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгон деп көрсөтмө берген. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, бала баш мээсинен жаракат алганы аныкталган. Бүгүнкү күндө шектүүгө карата соттун өкүмү белгилүү эмес.

Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун табышмактуу өлүмү

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала божомол бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан. Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашкан.

Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов тергөө учурунда кызматынан алынган. Балдар үйүнүн башка кызматкерлери - улук тарбиячы, нөөмөттөгү мугалимге да "шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылган. Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек Ж.Д. "бейбаштык" жана "байкабастыктан өлүмгө алып келүү" беренелери боюнча айыпталууда. Тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлгөн.

"Келинди кайнагасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүргөн"

16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде Женя аттуу адам бакка асынып каза болуп калганын билдирген. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган учурда 50 жаштагы эркек адам жип менен асынып турган абалда табылган. Маркумдун денесинин сыртына кароо жүргүзгөн учурда, анын моюнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларында курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган. Окуя болгон жерге маркум кишинин 49 жаштагы бир тууган иниси чакыртылган. Ошондой эле ал 15-июндан тарта 38 жаштагы аялы дайынсыз болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү суранып арыз жазган. Окуя болгон жерден алыс эмес, тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыктагы жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну экени, ал дайынсыз болуп жатканы такталган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, күч колдонулган белгилер аныкталган. Милиция кызматкерлеринин алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди кайнагасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган.

Кеминдеги 16 жаштагы кыздын өлүмү

21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө, анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган. Кийин болжол менен саат 17:30 чамасында Кемин РИИБине жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Натыйжада каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. экендиги такталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына байланышуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон. Бүгүнкү күндө шектүүгө карата сот өкүм чыгара элек.

Ысык-Көлдөгү аквапаркта орун алган каргаша

27-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатындагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Бала окуя болгон жерден жан берген. Ысык-Көл ОИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Каза болгон жигиттин сөөгүнө тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө бул каргаша боюнча соттун өкүмү чыга элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан