Жалал-Абадда милиция кызматкерлери кыйноо фактысына шектелип кармалышты. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иш тергелүүдө.
Билдирүүдө Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан А.Н. аттуу жаранга карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталгандыгы айтылат.
"12-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы М.Ж., ыкчам кызматкери М.Б., Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерлери К.М. жана З.А. 143-берененин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Аларды Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.