Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, жумушчулар жабыркаган окуя тынчтык жолу менен чечилди. Бул тууралуу орусиялык "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.
Андагы маалыматка ылайык, сот ишкана менен жабырлануучулардын ортосундагы жарашуу келишимин бекитти.
Анда жабырлануучулардын ар бири 50 миң рублдан алышкан. Ал эми ишкананын техникалык кызматынын жетекчиси Роман Дубовицкийге козголгон кылмыш иши токтотулган.
Эскерте кетсек, кырсык 2020-жылдын 27-сентябрында болгон. Анда ишканадагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, бул ишканада жалпысынан 169 Кыргыз жараны эмгектенип келген.