Кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык жана гранттык макулдашуу ратификацияланды. Макулдашуу туурасында мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти.
Мыйзамдын максаты ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
"Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 миллион доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде 10 миллион 700 миңи грант, 69 миллион 300 миңи 24 жылга насыя (сегиз жыл жеңилдетилген мезгилге 1 пайыз менен, калган учурда 1,5 пайыз менен) катары берилет", - деп айтылат билдирүүдө.