Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталбаганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Өрт бүгүн, 16-ноябрда Ноокен районунун Масы айылындагы турак үйдөн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:05те толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 110 чарчы метр аянты күйдү", - дешет мекемеден.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.