Коңшу Өзбекстанда жергиликтүү депутат айым менен болгон интимдик видео социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чуулгандуу кадрлар октябрь айынын башында Ташкент облусунун Бостанлык районунда конок үйү деп аталган жерде укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда тартылган.
"Полиция кызматкерлери көрсөтүлгөн жерди текшерүүгө алышкан. Ошол учурда батирде эки аял жана эки эркек болгон. Анын ичинен эки жаран интимдик байланышта болгон. Сурак учурунда алар спирт ичимдиктерин ичип, бул жерге жакын мамиледе болуу үчүн келишкенин айтышкан”, - деп айтылат Ташкент облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Учурда видеонун соцтармактар аркылуу таралышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.