
Ош облусунун Ноокат районунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү саат 04:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Сөгөт, Будайлык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.