Сибирдин жана Ыраакы Чыгыштын тургундары күйүүчү майдын тартыштыгына дуушар болушту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга базардын 60 пайызын ээлеген көз карандысыз май куюучу жайлардын баанын теңсиздигинен банкрот боло баштаганы себеп болууда.
Кээ бир ишкерлер да күйүүчү майды ашыкча ала албай, ассортиментин кыскартууда.
Жергиликтүү тургундар ири компаниялардан май куюп, кээ бир шаарларда болгону 5-10 май куюучу жай бар - аларда узун кезек жаралган.