Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасынан кымбатчылык боюнча алдыңкы орунга чыкты

Ушул жылдын октябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргыз өлкөсүндө белгиленди. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын сентябрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө бардык мамлекеттеринин керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.

Бир айга салыштырмалуу инфлекциянын деңгээли Орусияда 1,1 пайыз, Казакстан менен Арменияда 0,7 пайыз, Кыргыз өлкөсү 1,3 пайыз болду.

"Ушул жылдын октябрында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу Беларустун экономика керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли азык-түлүк товарларына (9,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарларына (9,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (6,3 пайызга) катталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aslan_akjol89
2021-11-17 11:58:55
Эн аз айлык акы боюнча да 1-орунду бербейбиз го чиркин.
+5
zojolu
2021-11-17 12:17:25
Тойду токтотсок арзанчылык болот эле
+3
Eden-Hazard
2021-11-17 13:12:34
Жапаров келгенде жетиштик... Карагыла 1-орун болдук
+2
algakaray
2021-11-17 13:13:00
Эми элдин баары комур, чупорок - чапырак жагышат эн кир шаар бойунча дуйнодо биринчини дагы бербейбиз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан