Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында укук коргоо кызматкерлери аялдарды бай кары эркектерге саткан деп шектелген жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 100гө жакын ооган аялдарын өлкөнүн ар кайсы аймактарына саткан.
Шектүү өз кезегинде адам сатуу менен алектенбей, мыйзамдуу никеге турууга салым кошконун айтууда.