Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган 3 кызматкер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту 15-сентябрда Башкы прокуратуранын улук прокурорунун өтүнүчүн канааттандырган. Анда 3 кызматкер эч жакка кетпөө түрүндөгү тил каттын негизинде алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
Буга чейин алар 2 айга камакка алынган.
Маалымат үчүн:
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.
Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.
Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.
Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашкан. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.