Азамат Жээнбеков Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду. Бүгүн, 17-ноябрда жаңы жетекчи мэриянын аппаратына тааныштырылып ишин баштаган.
33 жаштагы Азамат Жээнбеков эки жогорку билимдин ээси. 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2021-жылдары Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борборунун директору болуп иштеген.