Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык майрамы. Бул күндү утурлай студент болгонуна карабай ишкерлик жүргүзүп, атүгүл өзү сыяктуу студенттерди жумуш менен камсыз кылып келе жаткан Элла Зарылбекова тууралуу сөз кылабыз.
Элла Зарылбекова Нарын районунун Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетин аяктаган. Учурда аталган университетте магистратурада билим алууну улантууда. Ал ишкерликти 4-курсунда, тагыраагы "Данек" китеп дүкөнүн иштетип баштаган.
Элла менен ишкерлик, тез окууну кантип өздөштүргөнү боюнча маек курдук.
- Элла, айтсаңыз ишкерликти баштоого эмне түрткү болду?
- Кичинекей кезимден бери эле китепти аябай жакшы көрөм. 1-курстан тарта китеп окуган чөйрөнү издедим, андан соң китеп дүкөндө иштеп баштадым. Акчам аз болсо деле кайыл элем, эң башкысы китептер жанымда болсо дечүмүн. Анан Кудайдын буйругу менен дүкөндүн негиздөөчүсү китеп дүкөндү сатам аласынбы деген сунуш киргизди. Мен эч нерсеге карабастан макул дедим.
- Окуу менен ишкерликти алып кетүү оңой болбосо керек. Кантип жетишип жатасыз?
- Оңой болгон жок, жанталашып чуркап иштейм. Үйгө 22:00-23:00 барчумун. Жөө толтура китепти жеткирген күндөрүм өтө көп болгон. Ар бир убактымды саатына чейин пландайм. Менде дем алыш деген нерсе жок. Башкалар убактысын ушакташуу же оюн-зоок менен өткөрсө, менде ал нерсеге убакыт да жок. Эң башкысы убактымды туура пайдаланам.
- Учурда китеп окуу жаңыдан жанданып келе жаткан учур. Бул жаатта ишкерлик баштап жатып, чоң тобокелдикке барган экенсиз. Эмнеге кийим-кече, косметика эмес, китепти тандап алдыңыз?
- Кичинекей кезимден тарта китепке жакын болгондуктан ушул тармакты тандасам керек. Китеп адамдын жан дүйнөсүн өзгөртө алат. Кыргыз өлкөсү үчүн китеп окуу маданиятын көтөргүм келди. Башкаларга пайдам тийсе дейм.
- Тез окуу боюнча маалымат берип өтсөңүз. Бир мүнөттө канча сөз окуйсуз. Тез окууну кайдан үйрөндүңүз эле?
- Азыр 1 мүнөттө 25 миң сөз окуйм. 80-90 пайызын түшүнөм. Карантинде үйрөндүм, ага чейин маалымат топтоп жүргөм, ошол маалыматтар менен машыктым.
- Ишкерлик баштайм деген студенттерге кандай кеңеш бересиз?
- Эң башкысы эч нерседен коркпогула. Ар бир инсанга Кудайым ырыскы берген жана эч качан арам нерсеге аралашпагыла. Адал жол менен иш баштасаң бат эле ишиң оңолот. Башка бирөөлөргө көрө албастык, ичи тарлык деген нерсе болбошу керек.
- Студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуялардан эстесеңиз...
- Аябай чарчаганда көзүм ачылган боюнча эле 1-2 секунд уктап калам. Бир жолу доскага чыгып презентация кылып жаткам 100-150дөй студент бар болчу. Сүйлөп жатып уктап кетиптирмин. Бир нерсени сүйлөп жаткан жеримден ойгондум, анан ошол абалдан кандай чыгышты билбестен ушундай болуптур дедим, башкалар байкаштыбы, жокпу билбейм (күлүп).
- Ишиңизге ийгилик каалайбыз!