Бүгүн, 17-ноябрь кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленди. Майрамдык датага карата бир катар кино тармагынын өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.
Сыйлоо министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда болуп, кино тармагынын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдары белгиленди дешет министрликтен.