Ош шаарында бүгүндөн баштап айрым көчөлөрдөгү жол кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилет

Ош шаарында 18-ноябрдан баштап айрым көчөлөрдөгү жол кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилет. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан кабарлашып, саат 11:00дөн баштап Ош шаарындагы Шакиров – Монуев – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактардын циклдары өзгөртүлөрү маалымдалды.

Буга чейин мэр Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, атайын адистер тарабынан жолдордогу унаа кыймылы көп болгон кесилиштер такталып чыккан. Жол тыгындарынын пайда болушун жоюу максатында кесилиштердеги жол чырактардын иштөөсүнө убактылуу өзгөртүү киргизилүүдө. Бул өзгөртүү Масалиев, Ленин, Курманжан Датка, Касымбеков көчөлөрүнө да тиешелүү экенин билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlan2084
2021-11-18 09:03:29
100% пропка жооюлат Оштун мэри туура чечим кылган Бишкектин мэри ошону ойлоно бекен.Же светофор кереги жок кесилишке койо берип светофорду шаардын баырын пропка кылышты кесилиштерге кошумча светофордун кереги жок.Андан көрө чоң жолго 30секунт кичине тарабына 25секунт койсо баардык светафорлорго анан кереги жок световорлорду алыш керек ошондо пропка 10күндө жоюлат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан