Бишкектеги айланма жолдун бир бөлүгү Теңдик жана Алтын-Казык конушунун тургундары тарабынан тосулду. Бул туурасында видео социалдык тармакка жарыяланып, андан топтолгон адамдардын унааларды өткөрбөй, тоскоолдук жаратып жатканын байкоого болот.
Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып жатышканы Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
"Бүгүн, 17-ноябрда саат 18:00дө Аламүдүн РИИБине билдирүү келип түштү. Анда айланма жолго жакын конуштарда электр жарыгы жок болуп жаткандыктан жашоочулар нааразычылык айтып чыгышканы маалымдалды. Жерине райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин аткарууда. Мындан сырткары жерине Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин жетекчилиги жөнөп кетти", - дешти маалымат кызматынан.