Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарында ырчы Лутфилла Бусурманкул уулунун концерти өтүп жатат.
Концерт манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бата берүүсү менен башталды. Манасчы ырчыга калпак жана чапан кийгизди. Андан соң Дөөлөт Сыдыков манас айтты.
Билетте концерт 18:30да башталары жазылган. Бирок концерт бир саат кечигүү менен башталды.