"Көзү көрбөй калды". Залалдуу шишик дарты менен жабыркаган 7 жашар Аяна чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж


7 жаштагы Аяна Дүйшөнакуновага дарыгерлер ушул жылдын август айында башында залалдуу шишик бар деген диагноз коюшкан. Операцияга чейин бир көзү жакшы көрбөй, андан соң эки көзү тең көрбөй калган. Эми бир гана чет өлкөгө алып барып дарылатуу гана жолу бар. Чет жакка алып барганга 10 миң доллар акча каражаты керектелет, мындан улам карапайым үй-бүлө кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.

"Кызым жакшы эле төрөлгөн. Ушул жылдын башында сол көзү кыйшайып баштады. Эмне болду экен деп невропатологдорго кайрылдык. Алар магниттик резонанстык томографияга тарттыргыла дешти. Жыйынтык башында залалдуу шишик бар деп чыкты. Бул дарттын эмне экенин деле түшүнгөн жокмун. Кагаздарды көтөрүп алып балдар ооруканасына бардым, бирок нейрохирургдар шишик чоңоюп кеткенин, операция жасай албай тургандарын айтышты.

Тез аранын ичинде операция жасатуу керек болуп, шашылыш эле республикалык бейтапканадан операция жасаттык. Хирургиялык кийлигишүүгө чейин кызымдын бир көзү көрбөй жатса, операциядан кийин эки көзү тең көрбөй калды. Дарыгерлер 3 айдан кийин көрүп баштайт дешкен, бирок натыйжа болгон жок. Менчик клиникаларга көрүнүп баштаганыбызда, шишиктин 1 сантиметри эле алыныптыр. Мурда операция жасагандарга кайрылсак, кызымдын башын кайра ачабыз дешти. Башын кайра-кайра ачтыра берсе майып болуп каларын айтышып, чет өлкөдөн операция жасатууну сунушташты. Бул бир жылда айыгып кетүүчү дарт эмес, көп убакыт күрөшүшүбүз керек экен", - дейт кыздын апасы Аида Ташматова.

Аяна үй-бүлөдө эки уулдун артынан 7 жылдан кийин төрөлгөн. Аида Ташматова кызынын оорусу аныкталганга чейин тигүүчү болуп иштеп келген. Ал эми жолдошу такси кызматында эмгектенет, бирок тапканы кээде тамак-аштан артпайт. Айтымында, 10 миң доллар алардын үй-бүлөсү үчүн чоң сумма.

ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:

ЭЛСОМ: 0501 01 07 78
О! Деньги: 0500 09 14 81
СБЕРБАНК: 4817760115767992 Калыс Райбек уулу
ОПТИМА БАНК: 4169585346992174

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан