Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарында ырчы Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке концерти өтүүдө. Ырчынын "15 жыл сахнада" аттуу концерти манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бата берүүсү менен башталды.
"15 жылда жыргадым, ыйладым. Бул күндөр артта калды. Жашооңуздарда бир да жаман күн болбосун. Ишиңиздер ырчыларга түшүп калсын", - деди ырчы Лутфилла Бусурманкул уулу.
Концертте ырчы Султан Садыралиев, Алмаз Шаадаев ырдады.